24.kg
10:15, 22 мая 2023, 24.kg

Жашыруун иштеген казино табылды

Жашыруун иштеген казино табылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Алардын маалыматында, мекеме криптобиржа жана криптомайнинг кызматын көрсөтүү үчүн ачылып, жашыруун казино катары иштеген.

«Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жүрүшүндө мыйзамсыз аракеттерден ири суммадагы акча каражаттары табылып алынган. Мындан тышкары, тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында, иш жүзүндөгү кирешени жашыруу документтештирилген фактылар аныкталды», — дейт УКМК.

Учурда жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар адамдарды, ошондой эле республикалык бюджетке келтирилген зыяндын суммасын аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18