24.kg
10:00, 19 мая 2023, 24.kg

Украинадагы согушка катышып жүргөн тажик жарандарынын тизмеси түзүлүүдө

Тажикстандын бийлиги Украинадагы согушка катышып жаткан тажик жарандарынын тизмесин түзө баштады. Бул тууралуу «Озоди» радиосу өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

«Мындай тизме түзүү чечими өткөн жумада, күч түзүм мекемелеринин өкүлдөрү катышкан жыйында кабыл алынды. Буга чейин «Ислам мамлекети» уюмунун катарында Сирия менен Ирактагы согушка катышкан тажикстандыктардын тизмеси түзүлгөн», — деди «Озодинин» булагы.

Анын айтымында, согушта жүргөн Орусиянын же Украинанын жарандыгы бар тажикстандыктарга кылмыш иши козголбойт. Башка өлкөнүн аймагындагы согуштук аракеттерге катышканы үчүн тажик паспорту бар жарандар гана кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Былтыр күзүндө Тажикстандын Москвадагы элчилиги Орусияда иштеп жүргөн тажик жарандарына башка өлкөлөрдөгү согуштук аракеттерге катышуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскерткен.

Бүгүнкү күндө Украинадагы согушка канча тажик жараны катышып жатканы белгисиз. Буга чейин «Озоди» радиосу бул өлкөдө ондогон тажикстандык каза болгонун кабарлаган.

Тажикстандын бийлиги Украинадагы согушка катышып жүргөн жарандарынын тизмеси түзүү чечими боюнча эч кандай комментарий берген жок.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18