24.kg
17:19, 18 мая 2023, 24.kg

Кыргызстан чырга аралашкан ТВЕА кытай компаниясы менен кайра келишим түздү

Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен «ТВЕА» компания  Кытайга электр энергиясын экспорттоо боюнча кызматташуу ниети жөнүндө макулдашты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду. 

Алардын арасында «ТВЕА» менен келишим дагы бар. 

Белгилей кетсек, «ТВЕА» Бишкектеги Жылуулук электр борборун модернизациялоо ишин жүргүзгөн. Ал үчүн Кытайдан 380 миллион доллар кредит алынган. ЖЭБтеги кырсыктан кийин модернизациялоо иштеринин жүрүшү текшерүүгө алынган. Анын жыйынтыгында кылмыш иши козголуп, экс-премьер-министр баш болгон бир катар аткаминерлер жоопко тартылган. 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18