24.kg
17:09, 18 мая 2023, 24.kg

Кадыр Кошалиев: Экс-президенттер менен маегим боюнча Сүйүн Касмамбетов билген

УТРКнын журналисты Кадыр Кошалиев Курманбек Бакиевден гана эмес, Аскар Акаевден дагы интервью алган. Бул тууралуу ал өзү билдирди.

Кадыр Кошалиевдин айтымында, анын Россияга иш сапары боюнча мамлекеттик катчы Сүйүн Касмамбетовго кабарлаган.

«Эч кандай мыйзамды жана журналистиканын эрежелерин бузган жокмун. Түрдүү себептерден улам, экс-жетекчилер менен болгон маекти УТРКдан берүү маселеси кечигип, Ютубтан чыгып кеткендигин трагедия деп эсептебейм. Кайра бул көрсөтүүлөр кыргыз коому үчүн талаштуу маселелерге ачыктык киргизди деп эсептейм», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Курманбек Бакиев менен болгон маек YouTube тармагында жарыяланган. Журналисттин экс-президентке берген суроолору коомдо сын-пикир жаратты.

Бүгүн парламенттин депутаттары бул маек менен Курманбек Бакиевди актоо аракети көрүлүп жатканын айтты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18