24.kg
16:25, 18 мая 2023, 24.kg

УТРК: Кадыр Кошалиевге Бакиевден маек алууга техника жана акча бөлүнгөн эмес

Журналист Кадыр Кошалиев мурдакы президент Курманбек Бакиев менен маегин УТРКнын жетекчилиги менен макулдашкан эмес. Бул тууралуу телеканалдан билдиришти.

Ал өз демилгеси менен маек курган. Ага техникалык каражат жана башка чыгымдары бөлүп берилбеген.

«Учурда УТРКдан эфирге чыккан «Кыргыз ааламы» көрсөтүүсүнүн жасалгасын автор башка максатта колдонгондугу боюнча ички териштирүү жүрүүдө. Кадыр Кошалиев тартып келген интервью УТРКнын каналдарынан берилген жок. Ошондой эле, эфирге берүү боюнча планда каралбаган», — дейт телеканал.

Белгилей кетсек, Курманбек Бакиев менен болгон маек YouTube тармагында жарыяланган. Журналисттин экс-президентке берген суроолору коомдо сын-пикир жаратты.

Бүгүн парламенттин депутаттары бул маек менен Курманбек Бакиевди актоо аракети көрүлүп жатканын айтты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18