24.kg
09:34, 18 мая 2023, 24.kg

Украинадагы согушка катышкан кыргыз жараны 10 жылга соттолду

16-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту Украинадагы согушка катышкан Кыргызстандын жаранын 10 жылга соттоду. Өлкөдө биринчи жолу Украинадагы согушка аралашкан жаран жазага тартылды. Бул тууралуу соттун чечими act.sot.kg сайтына жарыяланды.

Өкүмдө Москвада жашап жүргөн К.у.А. 2022-жылдын июнь айында «материалдык пайда табуу үчүн» Орусиянын аскердик топторунун бирине кошулуп, Украинадагы согушка катышканы айтылат.

Шектүү коюлган айыпты толугу менен четке кагып, Орусиянын жарандыгын алыш үчүн аскерге барганын айтып, өзүн «Луганск Элдик Республикасы» («ЛЭР») деп атап алган жикчил аймакта болгонун ырастаган. Украинага таандык болгон аталган аймакты Кремль колдогон жикчилдер 2014-жылы өз алдынча «Луганск Элдик Республикасы» деп жарыялап, кийин Орусия аннексиялап алган. Кыргызстан аны тааныган эмес.

Сот К.у.А. Кылмыш-жаза кодексинин «Жалдануучулук» беренесинин 2-бөлүгү «Мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарынын уруксатысыз материалдык сый акы алуу максатында башка мамлекеттердин куралдуу жаңжалдарына катышуу» менен күнөөлүү деп таап, 10 жылга абакка кести.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул жаранды январь айында кармап камаган.

Кыргыз бийлиги өз жарандарына чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип келет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18