24.kg
12:33, 17 мая 2023, 24.kg

Бишкектин дүкөндөрүнүн бирин тоноого аракет кылган жаран кармалды

2023-жылдын 16-май күнү кечки саат 22:00 чамасында ИИМдин Күзөт кызматынын борборлоштурулуп кайтаруу пунктунан Бишкек шаарында жайгашкан дүкөндүн бирине белгисиз жаран кирип жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дүкөндүн дүрбөлөң баскычы иштеп, ал боюнча айгай белгиси берилгенден кийин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун ыкчам тобу окуя болгон жерге барган.

Аталган дарекке барган учурда, белгисиз жаран кирип, күч колдонуу менен акча салынган сурманы ачып андагы акчаларды уурдоого жана тартып алууга аракет кылганы аныкталган.

Ыкчам аракеттер жүргүзүп, жыйынтыгында 1977-жылы туулган К.Ю.В. кармалып, Бишкек шаарындагы Свердлов районунун Аймактык милиция пунктуна жеткирилип тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Photo 296715

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18