24.kg
12:15, 17 мая 2023, 24.kg

5 килограмма сымап сатууга аракет кылган жаран кармалды

КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренесинде каралган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси (Сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде 2023-жылдын 27-апрелинде 1987-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Л.Ш.А. сымапты мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 5 килограмм коркунучтуу 1-класстагы уулуу зат табылып алынган.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан КР аймагында жайгашкан кылмышка шериктештерин аныктоого жана кармоого багытталган зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Photo 296709

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18