24.kg
11:04, 17 мая 2023, 24.kg

Жол эрежесин бузгандардын саны төмөндөдү

Жол кыймылынын айрым эрежелерине салынган айып пулдардын жогорулагандыгынын себебинен жол эрежелеринин бузуу фактыларынын баардык түрлөрү төмөндөөдө. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыл башынан тарта, төрт ай аралыгында ылдамдыкты ашырып айдаган 41 миң 938 айдоочу аныкталса, былтыр ушул убакытта 45 миң 200 айдоочу аныкталган. Демек, 3262 фактыга азайган.

Мас абалында унаа башкаргандардын саны төрт ай ичинде 3 миң 245 факты аныкталса, былтыр 4 миң 29 факты катталган. Демек 784, фактыга азайган.

Ал эми коопсуздук курун тагынбай унаа айдагандардын саны быйыл төрт ай ичинде 95 миң 628 айдоочу аныкталса, былтыр 110 миң 499 айдоочу аныкталган. Демек, 14 миң 871 фактыга азайган.

Талдоо көрсөтүп тургандай, ушул жылдын 8-мартынан тартып, жол эрежелеринин айрым түрлөрүнө айып пулдардын көтөрүлгөндүгүнүн себебинен, Кыргызстанда жол эреже бузуу фактыларынын баардык түрлөрү азайууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18