24.kg
09:40, 17 мая 2023, 24.kg

ЕРӨБ быйыл Кыргызстандын экономикасы 7 пайызга өсөт деп болжолдоодо

Кыргызстандын экономикасы 2023-жылы 7 пайызга, 2024-жылы 7,2 пайызга өсөт. Бул тууралуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) божомолунда жазылган.

Анда кыргыз экономикасынын өсүүсүнүн негизги факторлору катары Орусиядагы мигранттарга болгон суроо-талап, орус капиталы менен жогорку квалификациялуу жумушчулардын Кыргызстанга көчүүсү жана салыкты башкарууну жакшыртуу көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары ири энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорго салынган инвестициялар орто мөөнөттүү келечекте ички дүң өнүмдүн өсүүсүнө түрткү болору белгиленген.

Ошол эле маалда ЕРӨБ насыялоо шарттарынын катаалдашуусуна жана Орусиядан акча которууларга болгон көз карандуулукка байланышкан тобокелдиктер сакталып каларын жазган.

Буга чейин Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин болжолдуу баасына таянып, 2023-жылдын төрт айында өлкөнүн ички дүң өнүмү 264,5 миллиард сомду, экономиканын чыныгы өсүү темпи 4,4 пайызды түзгөнүн билдирген.

Март айында Министрлер кабинети Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүү сценарийин колдогон. Ага ылайык, 2023-жылы экономикалык өсүүнүн темпи 4,5 пайыз деңгээлде болот деп күтүлүүдө.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18