24.kg
17:58, 16 мая 2023, 24.kg

Киев шаары жапырт соккуга кабылды

Өткөн түнү Киев шаары жапырт аткылоолордун бирине дуушар болду. Калаанын аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попконун айтымында, бир эле учурда ар кайсы багыттардан дрондорду жана канаттуу ракеталарды колдонуу менен комплекстүү чабуул жасалды.

Баштапкы маалыматтар боюнча дрондор менен ракеталардын көбү жок кылынды.

Киевдин мэри Виталий Кличко Соломенский, Шевченковский, Святошинский, Оболонский жана Дарницкий райондорунда ураган имараттар бар экенин билдирди. Анын айтымында, Соломенский районунда үч адам жаракат алды. Шевченковский районундагы зоопарктын аймагына ракетанын сыныктары түшкөн. Жабыркаган жандыктар тууралуу маалымат жок. Чабуулдан бир нече унаа зыянга учурап, тутанган өрт өчүрүлгөнү кабарланды.

Май айынын башынан бери Киевге ушуну менен сегизинчи жолу абадан чабуул жасалды. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный Орусия абадан, деңизден жана кургактан 18 түрдүү ракета колдонгонун билдирди.

Залужныйдын айтымында, Украинанын абадан коргонуу күчтөрү 18 ракета менен учкучсуз учактардын баарын жок кылды.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул чабуул жөнүндө комментарий берген жок.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18