24.kg
16:25, 16 мая 2023, 24.kg

Тажикстандын президенти «Кытай + Борбор Азия» саммитине катышат

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапар менен учуп кетти. Бул сапардын алкагында ал "Кытай+Борбор Азия" саммитине катышат.

Рахмонду өлкөнүн тышкы иштер министри, президенттин тышкы байланыштар жана экономикалык маселелер боюнча жардамчылары, экономикалык өнүгүү, соода, транспорт, өнөр жай жана жаңы технологиялар министри, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, телекөрсөтүү жана радио, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу боюнча комитеттердин төрагалары, Тажикстандын Улуттук илимдер академиясынын президенти жана башка расмий адамдар коштоп баратат.

Расмий жаңылыктарда Эмомали Рахмондун Кытайга болгон сапарынын программасы жөнүндө эч нерсе айтылган жок.

Акыркы жылдары Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Тажикстандын негизги өнөктөштөрүнүн жана инвесторлорунун бири болуп калды. Тажикстандын тышкы карызынын негизги бөлүгү дал ушул өлкөгө туура келет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18