24.kg
16:24, 16 мая 2023, 24.kg

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга барат

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга барат. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Жапаров Кытайдын лидери Си Цзиньпин баштаган бир катар жогорку кызматтагы адамдар жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

Мындан тышкары президент Сиань шаарында өтө турган «Кытай-Борбор Азия» саммитинин ишине катышары кабарланды.

Басма сөз кызматтын билдирүүсүндө Кытайдын лидери менен боло турган жолугушууда кандай маселелер талкууланары жазылган эмес. Бирок буга чейин Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери катышкан саммитте «Кытай менен Борбор Азиянын ортосундагы мамилелердин жаңы планын иштеп чыга турган» маанилүү саясий документке кол коюлары кабарланган.

Ошондой эле буга чейин Кыргызстан менен Кытай өз ара визасыз режим киргизүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы маалымдалган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18