24.kg
16:23, 16 мая 2023, 24.kg

Бюджет эки эсе өстү. Садыр Жапаров дагы эле тыштан карыз алынып жатканын айтты

«Учурда алынып жаткан насыялардын көпчүлүгү, мурда коюлган келишимдердин негизинде бүгүнкү күнгө чейин түшүп жатат», — деп билдирди Садыр Жапаров маегинде.

Анын айтымында, тыштан алынган ар бир тыйын көзөмөлдө. Алынган насыяларды экономиканы өнүктүрүүгө багытталган приоритеттүү долбоорлорго жумшалууда.

«Жөнөкөй тил менен айтканда, мурда карызы көп, мамлекеттин бюджети аз өлкө болсок, азыр мамлекеттин бюджети эки эсе көбөйдү. Ачыгын айтыш керек, гранттарды, алынган кредиттерди максаттуу жумшабай, жарымын иштетип, жарымы уурдалып кеткен учурларды билебиз. Азыр алынып жаткан насыялар, келген гранттар максаттуу жумшалып, бир тыйыны текке кетпей көзөмөлүмдө турат», — дейт ал.

Садыр Жапаровдун маалыматында, ички дүң продукциясынын көлөмү быйыл 1 триллиондун тегерегине жетсе, 2027-жылга 2 триллиондон ашат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18