24.kg
13:27, 15 мая 2023, 24.kg

Ат-Башыда бир жашар бала кызамыкка каршы эмдөөдөн кийин каза тапты

Ат-Башынын Кара-Суу айылында бир жашар бала кызамыкка каршы эмдөөдөн кийин каза тапты. Бул тууралуу анын апасынын билдирүүсү соцтармакка жарыяланды.

Анын айтымында, 25-апрель күнү баласы эмдөөдөн өткөн. Бирок, айылдык дарыгер баланы алдын-ала текшерген эмес.

«Баламдын температурасы көтөрүлүп, эртеси райондук больницага жаткырылды. Дартын аныктай албай, антибиотик сайып, дарыларды улам алмаштыра беришти. Төртүнчү күнү балам эме албай, шилекейин жута албай калганда Нарынга жөнөтүштү. Ал жакта комага түшүп калганда Бишкекке келдик. Жалдагы ооруканада төрт күн жатып, көз жумду», — дейт апасы.

Ал президенттен баласынын өлүмүнө күнөөлүү дарыгерлерди жоопко тартууну өтүнөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18