24.kg
12:44, 15 мая 2023, 24.kg

Эмгек министрлиги: жумушсуздардын саны 2,5 пайызга кыскарды

Жыл башынан бери жумушсуздардын саны 2,5 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын төрт айынын жыйынтыгы боюнча республикада иш менен камсыз болгондордун саны 2537,9 миң адамды, ал эми жумушсуздардын саны 142,6 миң адамды түздү. 

Ошол эле учурда 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча катталган жумушсуздардын саны 2,5%га, ал эми жалпы жумушсуздуктун деңгээли 0,5%га кыскарган.

Министрликтен белгиленгендей, буга калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча активдүү иш-аракеттеринин арты менен жетишилди. Мисалы, чакан бизнес ачууга 100 миң сом берүү, «Эмгек үчүн тамак-аш/акча» долбоорлорун ишке ашыруу жана эмгек рыногунда суроо-талапка ээ кесиптерге окутуу иш-чаралары өз үзүрүн берүүдө.

Натыйжада республикадагы расмий жумушсуздуктун деңгээли экономикалык активдүү калктын 2,9%ын түздү.

Жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18