24.kg
09:46, 15 мая 2023, 24.kg

Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы болушу мүмкүн

Түркияда 14-майда өткөн президенттик шайлоодо талапкерлердин бири да биринчи айлампада жеңишке жетүүгө мүмкүндүк берген 50% чектен аша алган жок.

Өлкөнүн мамлекеттик TRT телеканалы бюллетендердин 96% саналып бүткөндөн кийинки алдын-ала жыйынтыктарга таянып, азыркы мамлекет башчысы Режеп Эрдоган шайлоочулардын 49,42%, анын негизги атаандашы Кемал Кылычдароглу 44,88% добушун алганын кабарлады.

Ошол эле маалда Кылычдароглу азырынча алдын-ала жыйынтыктар менен макул эмес экенин, алты партиядан турган оппозициялык альянстын эсебинде Эрдоган артта калып жатканын билдирүүдө.

Эгер алдыда келаткан эки талапкер тең шайлоочулардын 50%дан көбүнүн колдоосуна ээ боло албаса, Эрдоган менен Кылычдароглу 28-майга белгиленген шайлоонун экинчи айлампасына чыгышы мүмкүн.

Түркиялык шайлоочулар жекшембиде парламенттик шайлоого да добуш беришти. Парламенттеги 600 орун үчүн жалпысынан 24 саясий партия ат салышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18