16:59, 11 мая 2023, 24.kg

Бишкекте психотроптук заттарды саткан интернет-дүкөндүн уюштуруучусу кармалды

Бишкекте ири өлчөмдө психотроптук заттарды сатуу менен алектенген интернет-дүкөндүн уюштуруучусу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «В» Интернет дүкөнү Telegram`дагы өз каналы аркылуу баңги жана психотроптук заттарды Бишкек шаарынын аймагында «кыстырма» деп аталган жашыруун жерлер аркылуу сатып келген. Дүкөндүн Telegram мобилдик тиркемесинде 1000ден ашык катталуучусу болгон.

Photo 296130

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери «В» интернет-дүкөнүнүн уюштуруучусу, оператору жана курьер болгон 1999-жылы туулган М.А. аттуу жаранды аныкташып, 12-апрелде Бишкектен кармашкан. Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө шектүү өз ыктыяры менен Бишкек шаарынын аймагындагы психотроптук заттар катылган жашыруун жерлердин даректерин көрсөтүп берген.

Кийин жашыруун жерлерден табылган заттарга соттук-химиялык экспертиза жүргүзүлүп, алар «метамфетамин» психотроптук зат экени аныкталган.

Учурда кармалган жаран Бишкек ШИИБнын Убактылуу кармоо жайына киргизилип, анын башка интернет-дүкөндөр менен кылмыштуу байланыштарынын бар экендиги боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18