15:56, 10 мая 2023, 24.kg

Сердар Бердымухамедов мамлекеттик сапар менен Душанбеге барды

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов 10-майда Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барды.

Душанбе эл аралык аэропортунда аны Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.

Бул атасы Гурбангулы Бердымухамедовдон бийликти алгандан бери Сердар Бердымухамедовдун Тажикстанга алгачкы сапары.

Эки күндүк сапардын алкагында бир катар документтерге кол коюлуп, түркмөн лидери Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугат.

2021-жылы сентябрда Эмомали Рахмон Түркмөнстанга мамлекеттик сапар менен барган. Түркмөнстандын ал кездеги президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы айрым чыңалуулар басаңдаган. Салкын мамилеге Түркмөнстандын үч жыл бою өз аймагы аркылуу транзиттик жүктөрдү Тажикстанга өткөрбөй койгону себеп болгон.

Бердымухамедовдун Тажикстанга мамлекеттик сапары 10-11-апрелге белгиленген. Бирок чоң апасынын дүйнө салганына байланыштуу сапар кийинкиге жылдырылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18