15:09, 10 мая 2023, 24.kg

Мирлан Самыйкожо Баш мыйзамды кайра өзгөртүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо Конституциянын тексттин кайра карап чыгууну сунуштады.

Депутат Баш мыйзамга өзгөртүүлөр бир да жолу кыргыз тилинде жазылбаганын, ар дайым орусчадан которулгандыктан каталар жол берилгенин белгиледи.

Анын айтымында, өлкөдөгү көптөгөн көйгөйлөрдүн башаты — Конституция.

«Баш мыйзам популисттик, алешемдик менен шашылыш жазылып калганы сокурга көз бүткөндөй көрүнүп турат. Бүгүн Конституцияны аттап, тебелеп-тепсеп ар кандай түшүнүктөргө өтүп кетип атабыз. Баш мыйзамыбызды кайрадан редакциялап чыкмайынча алдыда дагы көп тарткылыгыбыз бар», — деди Мирлан Самыйкожо.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18