09:29, 10 мая 2023, 24.kg

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого даярдык башталды

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы жана саясий партиялары 9-июлга белгиленген мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого даярдык көрө баштады.

10-майда БШКнын жыйыны өтүп, анда шайлоо өнөктүгүнүн башталышын жарыялоо жана шайлоого даярдык көрүү, өткөрүү боюнча иш-чаралардын мөөнөттөрүн белгилөө маселелери каралат.

Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев 8-майда парламенттин палаталарынын, партиялардын, сот жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери менен жолукканда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөрүн билдирген. Анын азыркы президенттик мөөнөтү 2026-жылы аякташы керек болчу.

30-апрелде өткөн референдумга ылайык, бул өлкөдө президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылды. Муну менен президент Шавкат Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте отурууга жол ачылды.

2021-жылы октябрда өткөн президенттик шайлоодо Шавкат Мирзиёев 80,1% добушка ээ болуп, экинчи мөөнөткө шайланган. Элдик-демократиялык партиядан Максуда Варисова 6,6%, «Миллий тикланиш» партиясынан Алишер Кадиров 5,5%, Экологиялык партиядан Нарзулла Обломурадов 4,1%, «Адолат» Социал-демократиялык партиясынан Бахром Абдухалимов 3,4% добуш алган.

Өзбекстанда президенттикке жана депутаттыкка талапкерлерди саясий партиялар гана көрсөтө алат. Өлкөдө беш партия катталган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18