11:09, 03 мая 2023, 24.kg

Бишкек мэриясынын кызматкерлери Комсомол чокусун багындырды

Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери Комсомол чокусун багындырып, альпинист болушту. Бул тууралуу мэриянывн бсма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар Комсомол чокусуна Бишкек шаарынын туусун орнотушту.

Жыл сайын Эл аралык альпиниада өтөт — Комсомол чокусуна массалык чыгуу, чокуга жеткендердин бардыгы Кыргызстандын альпинисттеринин төш белгилерин тиешелүү күбөлүгү менен алышат.

Быйыл мэрия жетекчилери да жөө жүрүшкө катышышты. Сагынбек уулу Нурбек жана Салмурбек уулу Азат Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басарлары болуп эмгектенишет.

Photo 295398

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18