16:45, 02 мая 2023, 24.kg

Өзбекстан Конституциясынын жаңы редакциясы күчүнө кирди

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 30-апрелдеги референдумда кабыл алынган Конституция күчүнө киргенин жарыялады.

БШКнын маалыматына караганда, тиешелүү мыйзам 2023-жылы 1-майда күчүнө кирди.

Мурдараак Боршайком жекшембиде өткөн референдумга шайлоочулардын 84,54 пайызы катышканын, алардын 90,21 пайызы жаңы Конституция үчүн добуш бергенин билдирген.

Баш мыйзамдын 106-беренесине ылайык, президенттик мөөнөт эми беш жылдан жети жылга узартылат. Муну менен президент Шавкат Мирзиёев дагы эки жылдык мөөнөткө шайлана алат.

2016-жылы бийлике келген Мирзиёев 2021-жылдын ноябрында ошол учурдагы Конституцияга ылайык, экинчи мөөнөткө шайланган. Анын азыркы мөөнөтү 2026-жылы аякташы керек эле.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18