10:09, 02 мая 2023, 24.kg

Министрлик: Жапаровдун атына жамынып 900 миң сом киреше убадалаган жарыя — фейк

Социалдык тармакта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун атына жамынып, финансы долбоорун сунуштаган маалымат таркатылууда. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жалган маалымат инстаграм социалдык тармагында таркатылууда.

Анда Акылбек Жапаровдун атынан Финансы министрлиги каржы табуу долбоорун жарыялаганын жазып, 900 миң сомдон киреше тапса болорун, ал үчүн кайсы бир телеграм каналга жазылуу сунушталууда.

Photo 295287

«Урматтуу интернет колдонуучулар, мамлекеттик кызматтын жетекчилери жана алардын жакындарынын атын пайдаланып, оңой эле киреше табуу сунуштары менен жарыяланган маалыматтар жалган экенин эскертебиз», — дейт министрлик.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18