10:11, 28 апреля 2023, 24.kg

Садыр Жапаров электр жарыгына жаңы тарифтер боюнча түшүндүрмө берди

Энергетика тармагынын карызы 137 миллиард сомду түзөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров маегинде билдирди.

Президент электр кубатынын 1 кВт/саатынын өздүк баасы 2 сом 38 тыйынды түзөрүн белгилейт.

«Кимдир бирөө ГЭСтерден чыккан өздүк баа менен салыштырып, бул өздүк нарк туура эмес деп ойлошу мүмкүн. Ооба, ГЭСтерден чыккан өздүк баа бул баадан төмөн. Бирок ошол ГЭСтерден чыккан өздүк баа менен түздөн-түз башка чыгымдары жок эле түптүз элге жетип калбайт да. Ортодо чыгымдар бар. Мисалы энергетиктердин эмгек акылары, сатылып алынып жаткан жаңы тетиктер, зымдар, мамычалар, тейлөөгө кеткен чыгымдар, көмүр, мазут, импорттоп алып келген электр энергия, техникалык жоготуулардын баары биригип өздүк баага кошулат. Ошол үчүн өздүк баа 2 сом 38 тыйынга чыгып атат. Биз болсо бүгүнкү күндө 1 кВт/саат электр кубатын 0,77 тыйындан сатып келебиз», — дейт Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, 1-майдан тарта Кыргызстанда электр жарыгына баа көтөрүлөт. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18