09:20, 28 апреля 2023, 24.kg

Кыргызстандыктар май айында беш күн эс алышат

Өлкөдө 1-май жана 5-6-7-8- 9-май эс алуу күндөрү деп жарыяланды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эскертет.

Кызматкерлердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында министрлер кабинетинин атайын токтому кабыл алынган. Ага ылайык, беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 5-майдан 9-майга чейин дем алыш күндөрү болот. Ал эми 8-майдагы иш күн 13-майга которулат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-май — Эмгекчилердин күнү, 5-май — Конституция күнү, 9-май — Жеңиш күнү белгиленет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18