15:05, 27 апреля 2023, 24.kg

Алдамчылыкка шектелип, мурда бир нече жолу соттолгон жаран кармалды

Алдоо жолу менен телефондорду тартып алган кылмышка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясына кайрылган жаран ушул жылдын март айынын аягында уюлдук телефонун алдап алып, белгисиз тарапка качып кеткенин билдирип, бейтааныш адамга карата чара көрүүнү суранган.

Тергөөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай саат 22.00 чамасында түнкү клубдарын жанынан, Бишкек шаарынын тургунуна бейтааныш адам келип, сүйлөшүп алуу шылтоосу менен телефонун сурап алып, сүйлөшүмүш болуп окуя болгон жерден телефонду алып качып кеткен.

Жабырлануучунун айтымында, телефондун сыртындагы капчыгына акча катып койгон. Бул факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде, КЖКнын 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Аталган факт боюнча ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Ысык-Көл облусунун тургуну 1995-жылы туулган Б.М., аттуу жаран кармалган. Ал, буга чейин башка фактылар боюнча, анын ичинде жарандардын мүлкүн уурдоо боюнча мыйзамсыз иш аракеттеринин негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы аныкталып олтурат.

Кылмышка шектүү жаран Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине катыштыгы текшерилип, кошумча иш аракеттер көрүлүүдө.

Photo 294941

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18