12:33, 27 апреля 2023, 24.kg

Токмокто чыккан өрттөн алты айлык наристе каза болду

Токмок шаарында өрттүн кесепетинен алты айлык ымыркай каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-апрелде Токмок шаардык милициясына Овчаров көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган даректе жашаган 48 жаштагы У.А. аттуу аял бөлмөдө жайгашкан мешке от жагып, жанындагы тапчанга 6 айлык небересин жаткырып, короого чыгып үй жумушу менен алектенген.

«Бөлмөдөн өрт чыгып, ичиндеги бөбөк өрттүн кесепетинен чарчап калган. Ымыркайдын сөөгүн жардамга келген бейтааныш жаран алып чыккан. Өрт шаардык өрткө каршы кызматы тарабынан өчүрүлгөн», — деп белгилешти милициядан.

Аталган факты Токмок шаардык милициясына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Тиешелүү укуктук экспертизалар дайындалды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18