09:33, 25 апреля 2023, 24.kg

Австрия менен Кыргызстандын соода-жүгүртүүсү 14,5 миллион долларды түздү

2022-жылы Австрия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү $14,5 млн түзгөн. Көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев менен Австриянын Кыргызстандагы элчиси Вилли Кемпелдин эки тараптуу жолугушуусунда айтылды.

Финансы министри Бакетаев Вилли Кемпелге жана Австрия өкмөтүнө Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү жана эки тараптуу кызматташтыктын тажрыйба алмашуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргызстан үчүн гидроэнергетика, айыл чарба өнөр жай, медицина жана инфраструктураны жакшыртуу жаатындагы технологиялар абдан маанилүү экени баса белгиленди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18