17:02, 24 апреля 2023, 24.kg

Казакстанда июль айынан тарта төрт күндүк иш жумалыгы киргизилет

2023-жылы Казакстанда төрт күндүк иш жумалыгы пайда болот. Бул тууралуу Учет.kz сайты кабарлады.

Мындай өзгөртүүлөр 1-июлдан тарта Эмгек кодексине киргизилет. Ага «Казакстандын социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча айрым мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышы себеп болду.

Учурда Казакстандын Эмгек кодексинде беш же алты күндүк, ошондой эле толук эмес (узактыгы тараптардын өз ара макулдашуусу менен аныкталат) иш жумалыгы каралган. Эми анын «Иш убактысынын режими» аттуу бөлүгүнө төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилет: «Эмгек келишиминде тараптардын макулдугу менен төрт күндүк иш жумалыгы киргизилет. Бул режимди беш же алты күндүк иш жумалыгы менен кезектештирип колдонууга уруксат берилет. Ошол эле маалда ашыкча иштөө убактысы бир айда 12 сааттан, жылына 120 сааттан ашпашы керек».

Демилгечилердин пикиринде, мындай иш режимин биринчи аптада беш, экинчисинде төрт күндүк иш графиги катары колдонсо болот. Маалыматтарга караганда, бул тажрыйбаны учурда кеңсе кызматкерлери колдонууда жана ал эмгек тармагындагы эл аралык стандарттарга шайкеш келет.

Мындан тышкары 2023-жылдын июль айынан тарта жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдер боюнча социалдык төлөмдөр көбөйтүлөт; оорусуна байланыштуу эмгек өргүүсүнө чыкканда төлөнчү эң жогорку сумма 15тен 25 минималдык эмгек акыга чейин жогорулайт; жеке ишканалар үчүн милдеттүү социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык фондго төлөө Социалдык кодекске ылайык иштейт; 2024-жылдан тарта бирдиктүү социалдык төлөм жоюлат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18