16:40, 20 апреля 2023, 24.kg

Йемендеги тебелендиде кеминде 85 киши өлдү

Йемендин баш калаасы Санада мектептеги садака таратуу учурунда болгон тебелендиден кеминде 85 киши набыт болуп, 300дөн ашууну жараат алды. Бул тууралуу борборду көзөмөлдөгөн хуситтердин расмий өкүлдөрү билдирди.

Хуситтердин айтымында, тепсендиге «адамдардын көптүгү» себеп болгон. Алардын айтымында, мектептин дарбазасы ачылары менен эл акча бөлүштүрүү жүрүп жаткан короого алып баруучу кууш тепкичтерди көздөй агылган.

Күбөлөрдүн айтымында, хуситтер асманга ок чыгаргандан кийин тополоң күчөгөн. Associated Press агенттиги кабарлагандай, асманга атылган ок электр зымдарына тийип, жарылуу болуп, жүздөгөн кишилер дүрбөлөңгө түшкөн.

Курман болгондордун арасында көптөгөн аялдар жана балдар бар. Йемендин Al Masirah телеканалы жарыялаган видеодо чогулгандардын арасынан чыга албай жаткандарды, өлүктөрдү көрүүгө болот.

Трагедия мусулмандардын Орозо айт майрамынын алдында акча таратуу боюнча салтка айланган иш-чарада болгон. Дүйнөнүн эң жакыр өлкөлөрүнүн бири болгон Йемендин борборунда жергиликтүү ишкерлер жардамга муктаждарга 5 миң Йемен риалы (болжол менен 20 доллар) таратыларын жарыялашкан.

Хуситтердин расмий өкүлдөрү «бийликтин макулдугусуз» өткөн иш-чаранын эки уюштуруучусу кармалганын кабарлашты. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 2000 доллардан жана жабыркагандарга 400 доллардан төлөп берүүнү убада кылышты.

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинин маалыматы боюнча Йеменде 21 миллиондон ашуун адам — өлкөн калкынын үчтөн экиси жардамга жана коргоого муктаж.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18