12:36, 20 апреля 2023, 24.kg

Германиядагы кыргыз Бермет Абдрахманова депутаттык мандат үчүн күрөшөт

Кыргызстандык Бермет Абдрахманова Германиянын Мурнау шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттыгына ат салышат. Бул тууралуу Германиядагы кыргыз элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.

Анын маалыматында, Бермет Абдрахманова Бавариянын Мурнау шаарында «Элдик Университеттин» интеграция жана тил бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Мигранттардын адаптация болуп, жергиликтүү немистер менен камыр-жумур болуп жашап, иштеп кетишине жардам берет. Ал шаарда белгилүү, авторитеттүү коомдук активист.

Photo 294326

«Берметтин депутаттык шайлоого катышышы жана анын жыйынтыгы өзү үчүн гана эмес, Германиядагы кыргыздар үчүн дагы маанилүү. Бул кыргыз кызы бөтөн эл, чет жерде чүнчүбөй, жалтанбай жергиликтүү немистер менен тен ата болуп, тизгин талашып жатканынан, Германиядагы кыргыз диаспорасы өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына өткөнүнөн кабар берет. Алар өз күчүн сезип, өз кызыкчылыктарын коргой ала турган деңгээлге жетишти», — дейт элчи.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18