11:16, 20 апреля 2023, 24.kg

Акыйкатчы институту Баатыр энелерге 25 жаштан тарта жөлөк пул берүүнү сунуштайт

Акыйкатчы институту баатыр энелерге социалдык жөлөк пул алууга жаш курагын 55 жаштан 25 жашка түшүрүүнү сунуштайт. Бул боюнча институттун Жогорку Кеңешке жөнөткөн баяндамасында айтылат.

Анда «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр каралган.

Мыйзамдын азыркы редакциясында «Баатыр эне» наамын алган аял 55 жашка чыккандан кийин социалдык жөлөк пулга арыз бере алат. Акыйкатчы институту көп балалуу аялдарга атайын наамды алган күндөн тарта жөлөк пулду чегерүүнү сунуштайт.

Белгилей кетсек, баатыр энелер социалдык жөлөк пулду өмүр бою ала алат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18