09:59, 20 апреля 2023, 24.kg

Конституциялык соттун чечими: Пенсия жашоо минимуна эмес, экономикага байланышат

Конституциялык сот Баш мыйзамдын 44-беренесине түшүндүрмө берди.

Эскерте кетсек, Министрлер кабинети Баш мыйзамдын аталган беренесин- «Пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат» дегенди чечмелеп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Минкабтан Баш мыйзамдын беренесин аткарып, эң аз пенсиянын көөлөмүн жашоо минимумунан жогорулатууну талап кылышкан. Жашоо минимуму 6,2 мин сом, эң аз пенсия — 1,8 миң сом.

Конституциялык сот пенсия өлчөмү экономикалык шартка байланыштуу экенин белгилейт. Баш мыйзамдын беренесин Минкаб кыйшаюусуз аткарууга милдеттүү эмес.

«Пенсиянын, жөлөк пулдардын жана башка социалдык жардамдын көлөмү экономиканын абалынан жана мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн көз каранды», — дейт Конституциялык сот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18