09:34, 20 апреля 2023, 24.kg

Бишкекте бир нече мектепте окуучуларды эвакуациялоо жүрүүдө

Бишкекте бир нече мектепте окуучуларды эвакуациялоо жүрүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ата-энелер билдиришти.

Окуу жайларга жардыруучу зат коюлганы боюнча маалымат түшкөн.

Учурда үч менчик мектеп — «Сейтек СТЕМ» жана QSI International School of Bishkek, Oxford international school, мамлекеттик № 33, 17, 51, 52, 62, 63, 27 жана 67чи мектепте бомба издөө иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, 20-январда жана 22-мартта дагы мектептерде бомба коюлганы боюнча маалымат жарыяланган.

Ички иштер министринин орун басары Эркинбек Аширходжаевдин маалыматында, 18-апрель күнү 52 мекемеден жардыруучу зат изделген.

УКМКнын төрагасынын орун басары Айбек Шаменов бомба боюнча маалымат электрондук даректерге жөнөтүлүп жатканын, ал аккаунттар Украина менен Россияда катталып, ээсин табуу мүмкүн болбой жатканын билдирди.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18