09:14, 20 апреля 2023, 24.kg

Өзбекстан Ооганстанга 185 тонна гуманитардык жардам берди

Өзбекстандан Ооганстанга 185 тонна азык-түлүк, анын ичинде ун, буудай, өсүмдүк майы, макарон, консервалар, кумшекер жана тез татым азыктары жеткирилди.

Газета.уз басылмасы билдиргендей, гуманитардык жардам 19-апрелде Термезден Хайратонго келип түштү.

Гуманитардык жүктү тапшыруу аземи ошол эле күнү Хайратондо өттү. Ага Өзбекстандын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Исматулла Иргашев, Сурхандарыя акиминин орун басары Анвар Орипов жана Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн экономика министри Дин Мухаммад Ханиф катышты.

Ооган тарап өзбек элине Орозо айындагы жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Аймакта соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташууну арттыруу боюнча сүйлөшүүлөр болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18