09:37, 19 апреля 2023, 24.kg

Тажикстанда келинин өз жанын кыюуга чейин жеткирген кайнене беш жылга соттолду

Тажикстанда Рудаки райондук соту 54 жаштагы Бибинос Исмоилованы келинин өз жанын кыюуга чейин жеткиргени үчүн беш жылга эркинен ажыратты.

Сот өкүмүндө Исмоилова 2022-жылы май айында келини Гулнисо Абдуназарованы акча уурдоого айыптап, айылдаштарынын көзүнчө кемсинткени жазылган. Кайненесинин мындай мамилесине чыдабаган келин ашканага барып асынып алган.

Сотто Бибинос Исмоилова тагылган айыптарды четке кагып, келининин өлүмүнө тиешеси жок экенин билдирди. Бирок күбөлөр ал Гулнисо Абдуназарованы дайыма кемсинткенден тышкары, аны сабап да жүргөнүн айтып беришти.

Тажикстанда 2018-жылдан бери келиндерин өз жанын кыюуга жеткирген бир нече кайнене соттолгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18