16:12, 18 апреля 2023, 24.kg

Орусияда өрттөн үч өзбек жараны набыт болду

Орусиянын Томск облусунда өрт чыгып, өзбекстандык үч жаран набыт болду. Бул тууралуу Vtomske басылмасы билдирди.

Маалыматка караганда, өрт 15-апрелге караган түнү Асино шаарындагы жыгач үйдөн чыккан. Өрттү өчүрүүгө келген куткаруучулар турак жайдан 48, 34 жана 21 жаштагы кишилердин сөөгүн табышкан. Алардын баары Өзбекстандын жарандары экени аныкталган.

Бул окуядан кийин Асино шаарындагы «Стройдоммонтаж-М» ишканасында иштеген 43 жаштагы жаран кармалган. Өзбек мигранттарына үйүн ижарага берген жаран үйдө өрт коопсуздугун камсыз кылган эмес деп айыпталууда.

Тергөөчүлөр ага «Эки же андан көп кишини өлүмгө кириптер кылган өрт коопсузугунун эрежелерин бузуу» беренеси боюнча айып тагышты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18