09:18, 18 апреля 2023, 24.kg

Астана талибдерге элчилик үчүн имарат берет

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Астанада «Талибанга» элчилик үчүн имарат берүү пландалып жатканын тастыктады. Бул тууралуу 17-апрелде ТИМдин расмий өкүлү Айбек Смадияров маалымдады.

Смадияровдун айтымында, казак өкмөтү «Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн дипломаттарын» аккредитациядан өткөрүүгө макул болгон.

«2021-жылы августта Ооганстанда бийлик кулаган соң вакуум пайда болду. Ооганстандын чет элдеги мурдагы элчиликтери бул өлкөнүн атынан кызмат кылууну токтотту», — деди Смадияров.

ТИМ өкүлү Казакстанда «талиптердин элчилигин» ачуу бул кыймылдын бийлигин таануу дегенди билдирдирбей турганын айтты. Смадияров «Талибанды» таануу — БУУнун укугу экенин эскертти.

15-апрелде Казакстандын премьер-министринин орун басары — соода жана интеграция министри Серик Жумангарин Кабулда «Талибандын» вице-премьери Абдул-Гани Барадар менен жолугушуу өткөргөн. Тараптар экономикалык маселелерди сүйлөшкөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18