09:20, 17 апреля 2023, 24.kg

Норвегия-Хельсинки комитети тажик бийлигине санкция салууга чакырды

Норвегия-Хельсинки комитети журналисттер Анора Саркорова менен Рустам Жонинин жакындарына басым көрсөтүп жатканы үчүн Тажикстандын бийлигин сынга алды.

Комитеттин 14-апрелде жарыяланган билдирүүсүндө журналисттердин жакындарына басым көрсөтүү — Тажикстандагы сөз эркиндигине жасалган чабуулдун дагы бир түрү болуп эсептелери белгиленген.

«Авторитардык режимдер адам укуктарын бузганы үчүн жазаланбаган учурда ушундай көрүнүштөр болот. Вашингтон менен Брюсселди Тажикстандын бийлигин өздөрүнүн санкциялык тизмесине киргизүүгө чакырам», — деди комитеттин башкы катчысы Берит Линдеман.

Норвегия-Хельсинки комитетинин билдирүүсүндө расмий Душанбенин бул аракети бийликти сындаган чет өлкөлөрдөгү адамдардын «үнүн басууга» багытталганы белгиленген.

Прагада жашаган тажикстандык журналисттер Рустами Жони менен Анора Саркорова социалдык түйүндөр аркылуу Тоолуу-Бадахшан автоном облусунда болгон 2021-2022-жылдардагы нааразылыктардын күч менен басылышын кескин сынга алып келишет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18