16:48, 14 апреля 2023, 24.kg

Министр «Аю» компаниясынын заводу өз ыктыяры менен мамлекетке өткөнүн билдирди

«Аю» компаниясынын спирт жана арак заводу өз ыктыяры менен мамлекетке өттү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, компаниянын спирт жана арак заводу боюнча эч кандай соттук териштирүү жүргөн эмес.

«Биринчиден, бул соттун чечими менен алынган маселе эмес. Бул өз ыктыяры менен өткөрүп берилген иш. Эгер соттун чечими менен барып, кандайдыр манипуляция кылып алса, анда рейдерлик абал болмок. Ишкер өз ыктыяры менен өткөрүп берип жатат, буга мамлекеттин эч кандай кысымы болгон жок», — дейт Данияр Амангелдиев.

Белгилей кетсек, бүгүн Садыр Жапаров «Аю» компаниясынын заводу конфискацияланып, мамлекеттин карамагына өтөрүн айткан.

Айрым маалыматтарга караганда, компаниянын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов 2020-жылы өлкөдөн чыгып кетип, Дубайда жашап жатканы айтылат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18