12:30, 14 апреля 2023, 24.kg

Жаныкулов пара алып жаткан видео боюнча түшүндүрмө берди. Прокуратура текшерет

Социалдык тармакта Ош облусунун жетекчисинин мурдакы орун басары Данияр Жаныкуловдун кабинетинде олтуруп, бир нече кишиден конверт алган видеосу таркаган.

Анда Данияр Жаныкулов Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоевден дагы конверт алып жатат. Андан тышкары, обладминистрациянын пресс-катчысы Эрмек Муратбек уулу дагы тартылган.

Анын айтымында, видео бир жыл мурда тартылган.

«Бир жыл мурда бутумду кокустатып алгандан кийин жумушка чыкканда тартылган Эки балдак дагы көрүнүп турат. Кабинетке видео байкоону өзүм орнотконмун. Видеодогу кишини бири Керем Макеев. Ал мага акчаны «түшкү тамак ичип кой» деп берген», — дейт Данияр Жаныкулов.

Башкы прокуратура видео боюнча текшерүү башталганын жарыялады.

Белгилей кетсек, бүгүн президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов жана анын орун басары Данияр Жаныкулов, Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев кызматтан алынды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18