12:10, 14 апреля 2023, 24.kg

Садыр Жапаров: «Аю» компаниясынын заводу мамлекетке өтөт

«Аю» компаниясынын спирт заводу мамлекетке өтөт. Бул Садыр Жапаров берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, компания салыктан качып, аткезчилик менен алектенген.

«Компанияны 2,5 жылдан бери эркелеттик. «Мурдагы заман бүттү. Эми таза иште. Салыкты жашырба, акцизди жасалма кылба. Спиртти контрабанда кылба, бийликтин чөнтөгүнө анча-мынча берип коюп баягыдай эле иштей берем дегениңди унут, бизге акча керек эмес, биз бюджетти толтурушубуз керек» деп суранып келдик. Укпады. Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Анан эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат», — дейт ал.

Белгилей кетсек, «Аю» компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун 2020-жылдан бери Дубайда жашап жатканы айтылып келет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18