09:35, 14 апреля 2023, 24.kg

Казакстанда митингчилер нааразылык акциясын улантат

Маңгыстау облусуна поезд менен бараткан мунайчылар эгер алардын маселеси оң жагына чечилбесе, нааразылык өткөрүү үчүн кайрадан Астанага келишерин билдиришти. 13-апрелде алар темир жол станцияларынын биринен видеокайрылуу жазып, казак өкмөтүнө жолдошту.

«Маселени оң жагына чечебиз деген убададан кийин биз жолго чыктык. 12-апрелден бери жолдо жүрөбүз. Бирок маселе оң жагына чечилгени боюнча дале кабар жок болгондуктан, Астанага кийинчерээк кайтууга даярбыз. Маңгыстауга 14-апрелде жетебиз. Эгерде ага чейин эч кандай чечим кабыл алынбаса, биз, жумушсуздар тобу Астанага өз ыктыярыбыз менен кайтууга даярбыз. Биздин талап аткарылсын!», — дешкен жумушчулар.

10-апрелде «Берали Мангистау» компаниясынын мурдагы 82 кызматкери башкалаага келип, Энергетика министрлигинин алдына чогулган. Алар аткаминерлерге жана «КазМунайГаз» компаниясынын өкүлдөрүнө суроолору бар экенин айткан. Бирок ал күнү эч ким жолуккан жок. Мунайчылар сыртта түнөп калган.

11-апрелдин кечинде Астананын полициясы мангыстаулук жумушчулардын баарын күч менен кармап кеткен. Эртеси алар бошотулуп, поезд менен Жаңы-Өзөнгө жөнөтүлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18