09:33, 14 апреля 2023, 24.kg

Ала-Арча улуттук паркына туристтик борбор салынат

Туризм департаментинин жана Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынын жетекчилиги туристтик тейлөө борбору салына турган жерди инвесторлорго көрсөттү. Бул тууралуу Туризм департаменти маалымдады. 

Мекеменин маалыматына ылайык, туристтик тейлөө борбору — кафе, намазкана, даараткана, туристтер үчүн маалыматтык борборду камтыйт. «Азаттык» кабарлагандай, департамент туристтик борбор курулуучу жер кайсы инвесторлорго кандай шартта берилерин кабарлаган жок.

2022-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынын макамын өзгөртүп, капчыгайга бизнес объектилерди ачууну сунуштаган. Коомчулукта аймактын экологиялык жактан маанилүү экенин, жердин бизнес үчүн берилишин сындагандар болгон.

Ала-Арча улуттук жаратылыш паркы 1976-жылы негизделген. Ал жалпысынан төрт аймакка бөлүнүп, эс алуу, спорттук альпинизм зоналары баарына ачык. Жапайы жаныбарларды көбөйтүү, байкоо жана азыктандыруу аймагы корукка алынган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18