11:50, 13 апреля 2023, 24.kg

Бишкекте кайгуул кызматкери пара берип жаткан жеринен кармалды

Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматкери 10 миң сом пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиршти.

Маалыматка ылайык, Кызматтык текшерүүнүн материалы боюнча кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө «Рено-Логан» үлгүсүндөгү бузулган патрулдук автоунаага мыйзамсыз күйүүчү майды негизсиз эсептен чыгаруу фактысы аныкталган.

Аталган материалды кароодо Бишкек шаары боюнча милициянын кайгуул кызматынын У.Б. аттуу кызматкери маселени оң жагына чечүү үчүн ИИМдин Ички иликтөө кызматкерлерине 10 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттын сунуш кылган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-бөлүмүндө 2-пунктунда («Пара берүү») каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошентип, 12-апрелде болжол менен саат 15:10 чамасында ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Ички иликтөө кызматынын кызматык бөлүмдөрүнүн биринде 10 миң сом акча каражатын берип жаткан жеринен Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынын автотранспорт-чарба бөлүмүнүн инспектору Б.У. ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, андан соң Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Photo 293539

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18