16:31, 10 апреля 2023, 24.kg

Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгы: E120 кошулмасы арам эмес

Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгы «кармин» заты арам деген билдирүүлөрдү четке какты. Кармин E120 тамак-аш кошулмасы катары катталган. Ал йогурттарга, балмуздактарга, кондитердик азыктарга жана алкоголсуз суусундуктарга кошулат.

Мусулмандар дин башкармалыгы Иордания комитетинин № 3240 чечимине таянуу менен курт-кумуркалардан алынган заттар химиялык жол менен башка заттарга айланарын билдирди:

«Бул процесс исламда «истихола», башкача айтканда, бир заттын башка нерсеге айланышы деп аталат. Натыйжада таза эмес заттар баштапкы сапатын жоготуп, курамы боюнча башкача болуп калат».

Мусулмандар дин башкармалыгы курамында Е120 бар азыктарды пайдаланса боло турганын ырастады.

Мурдараак курамында кармин бар йогуртту арам деп атаган блогер Хожиакбар Носиров 15 суткага камалган. Блогер «Улут, раса же дин аралык кастыкты козуткан материалдарды даярдоого, сактоого же таратууга» айыпталган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18