16:12, 10 апреля 2023, 24.kg

Америкада 50 миң кыргыз жараны жашайт

АКШда 50 миң кыргыз жараны жашайт. Бул тууралуу социалдык камсыздоо министринин орун басары Жаңыл Алыбаева Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Америкадагы кыргызстандыктардын 3 миң 190у гана консулдук каттоодо турат.

Парламенте Кыргызстандын Балдарга алимент чегерүү боюнча эл аралык Конвенцияга кошулуусу боюнча мыйзам долбоору талкууланууда. Ага ылайык кыргыз жарандары бир нече чет мамлекетте жүргөн мурдакы жубайынан алимент чегере алат.

«Бизге кыргыз жараны кайрылса, эгер анын балдарынын атасы АКШда жүрсө, биз ал жакка арыз жолдойбуз. АКШ тийиштүү кызматтары кыргызстандыктын расмий айлык акысынан алиментти кармап калып, бул жакка жөнөтүп турат», — деди Сот департаментинин директорунун орун басары Кубат Черикчиев.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18