16:16, 06 апреля 2023, 24.kg

Ысык-Көлдө кубаттуулугу 300 МВт күн электр станциясын куруу башталды

5-апрелде Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында кубаттуулугу 300 МВт күн электр станциясын курууга капсула салуу иш-чарасы өттү.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Күн нурунан энергия алчу станцияны кыргызстандык «Бишкек Солар» жана орусиялык «Юнигрин энерджи» компаниялары ишке ашырат. Инвестициянын көлөмү 300 млн. доллар болот.

Иш-чарага катышкан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда калк 2022-жылы 15,9 млрд. кВт/саат электр энергиясы колдонсо, быйыл 17 кВт/саат электр жарыгы керектелерин билдирди.

«Жети ири, 20дан ашык чакан ГЭС, эки чоң ЖЭБ өндүргөн электр энергиясы таптакыр эле жетпей калды. Дефицит 2,8 млрд. кВт/саат электр жарыгын түзүүдө. Биз аны импорт кылып сатып алып жатабыз», — деди Акылбек Жапаров.

Кыргызстан менен Орусия 2023-2024-жылдагы жылуулук сезонунда 875 млн. кВт. саат электр энергиясын импорттоо боюнча макулдашууга кол койгон.

Өлкөдө өндүрүлгөн электр жарыгы калктын керектөөсүнө жетпегендиктен Кыргызстан жыл сайын Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркменстандан электр энергиясын сатып алат.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18