10:20, 06 апреля 2023, 24.kg

Москва полициясы ооз ачарда кармап кеткен кыргыздарды бошотту

Москвадагы кафелердин биринде ооз ачар өткөрүп жаткан кезде кармалган кыргызстандыктардын баары бошотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, кармалгандар Таган райондук полициясына жеткирилген.

«Аларга карата өлкөдөн депортациялоо түрүндөгү административдик чара колдонулган жок. Кармалгандардын тамак-ашсыз жана суусуз калганы тууралуу маалымат тастыкталбады», — дейт элчилик.

Белгилей кетсек, 4-апрель күнү Москвадагы кафелердин бирине ооз ачарга топтолуп жаткан 60 кыргыз жаранын полиция кармап кеткени кабарланган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18